Биз менен байланышыңыз

Асланайым эң мыкты клиникада керектүү жардамдарды алып жатат

Кыска кабар | 10 Мар 2019 | 1860 | 0

Асланайым Аширова Салбуурун конфедерациясы менен “ Көчмөндөр ааламына” келген. 8-мартта машыгуу учурунда Аширова өз эрки менен атка минип, бутунан жаракат алган. Бул окуяга чейин коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Учурда Асланайым Аширова Эр-Риядагы эң мыкты клиникада баардык керектүү жардамдарды алып жатат. Бул тууралуу иш чарага катышып жүргөн кесиптешибиз Динара Бексултанова маадымдады.

Дүйнөлүк этно-оюндар конфедерациясы кырсык болгон замат жаракат алган кызга жардам берип, King Saudi Medical City клиникасына алып келип, ага диагноз коюшкан.

Дарылануунун эң мыкты жолу менен дарылоо үчүн Сауд Аравиясынын Саламаттыкты Сактоо министирлиги менен байланышып, эң мыкты дарыгерлер чакырылган. Учурда дарылануу бекер жүрүп жатат.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Асланайым Аширова жаткан клиникада Салбуурун федерациясынын өкүлү күнү түнү карап, ооруканага түшкөндөн бери фестивалдын уюштуруучулары да кабар алышууда.

Мындан сырткары бүгүн спортчунун абалынан Дүйнөлүк этно-оюндар конфедерациянын президенти Асхат Акибаев кабар алып, анын батыраак сакайып кетүүсун каалады.

Дүйнөлүк этно-оюндар конфедерациясы болгон окуяга өкүнүү менен, бул маселе уюштуруучулардын көңүлүндө боло тургандыгына ишендиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM