Биз менен байланышыңыз

Эртең парламентте өкмөт коронавирус боюнча маалымат берет

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 648 | 0

Эртең, 19-мартта 9.30да Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт коронавирус боюнча маалымат берет. Мындай чечим Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйында депутаттардын 86 добушу менен кабыл алынды.

Жыйында Өкмөттүн коронавирус менен күрөшүүгө болгон даярдыгы жана бюджеттен канча каражат бөлүнө турганы боюнча баяндама угулмакчы.

Эске салсак, бүгүн 18- мартта Сауд Аравиясынан 12-мартта  учуп келген Сузак районунун үч жаранынан коронавирус аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM