Биз менен байланышыңыз

Сауд Арабиянын падышасы Араб өлкөлөрүнүн лидерлерин чукул саммитке чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2019 | 717 | 0

Сауд Арабиянын падышасы Мухаммед бен Сальман аль-Сауд Иран менен болгон мамиленин начарлашына байланыштуу Араб өкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн лидерлерин жана Араб мамлекеттеринин лигасын Мекке шаарында жолугушууга чакырды. Араб өлкөлөрүнүн чукул саммити 30-майга пландалып жатканын Сауд Арабиянын SPA мамлекеттик маалымат агентиги билдирди.

Ошондой эле падышанын аймактагы абалды АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпео менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн Reuters маалымат агентиги жазды.

Аймактагы абал Эр-Рияддан анча алыс эмес жерде жайгашкан Saudi Aramco мамлекеттик мунай казылуучу аймакка дрондордун жардамы менен кол салуудан кийин курчуй баштаган.

14-май күнү болгон кол салдлуудан кийин, компаниянын коопсуздук себептеринен улам ишин токтотууга мажбур болгон.

Бул иш боюнча жоопкерчиликти Йемендеги шиитердин тобу өздөрүнө алган. Бирок, Ирандын ишке эч кандай тиешеси жок экендигин Тегерандын расмий билдирүүсүнө карабай, Сауд Арабиянын Коргоо министрлиги Тегерандын буйругу менен мунай казылуучу аймакка кол салгандыгын айтып жатат.

Араб өлкөлөрүнүн чукул саммитинде мына ушул Эр-Рияддын жанындагы мунай казылуучу базаларга жана “Бириккен Араб Эмирликтеринин жээгиндеги төрт коммерциялык кемеге жалалган кол салуу талкууланмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM