Биз менен байланышыңыз

Таласта сентябрь айында Улуттук Көчмөндөр оюндары өтөт [видео]

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 620 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында аймактагы ат майданынын абалын көрүп чыкты.

Премьер-министр улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыктан кабар алганы келгенин билдирди. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов негизги маданий иш-чаралар «Манас-Ордо» Кыргыз улуттук комплексинде өтөрүн, ошондой эле этнобазар уюштуруларын айтты. Ал эми спорттон улуттук ат оюндардын бардык түрлөрү облустук ипподромдо болорун маалымдады.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин көчмөндөр оюндарын жалпы өлкөгө жайылтуу максатында жыл сайын ар бир облуста Улуттук Көчмөндөр оюндарын өткөрүп туруу демилгесин көтөргөн.

Таластагы иш сапарында премьер-министр жана Маданият, маалымат жана туризм министри Улуттук Көчмөндөр оюндарын өткөрүү, ага карата даярдыктар тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Кененирээк маалыматты төмөнкү видеолордон көрүңүз:

Copyright © 2017 Maral FM