Биз менен байланышыңыз

Министр «Маралдын» эфирине келбей, угармандардын жемесине калды

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Янв 2019 | 1866 | 1

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамакулов «Марал» радиосунун «Айлампа» программасына келип  суроолорго жооп берүүгө макулдугун берип, бирок келбей койгонуна байланыштуу угармандар түз эфирге чыгып бир топ нааразычылыктарын билдиришти.

Байланышка чыккан угармандардын арасында министрдин бул жоругун жоопкерчиликтен качуу катары баалагандар да болду. Алардын арасында «Жамангуловдун программага келбей койгону — элдин суроолоруна жооп бербейм деген түшүнүк. Канчалаган депутаттар, министрлер келип, эл менен жолугуп, суроолорго жооп берип жатат. Биздин өкмөт ушундай коркок кишилер менен иштесе өнүкпөйбүз,» — деген билдирүүсүн калтырган угарман дагы бар.

Мындан сырткары, Жаманкулов эфирге келбей койгонуна байланыштуу эми премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев тийиштүү чара көрөт деген пикирин билдиргендер кармангандар дагы болду.

Төмөндө айрым угармандардын ою менен бөлүшөбүз.

Бактыгүл:

— Маданият министри региондордогу клубдарды өнүктүрсө, болбосо маданий тармак дагы өз арабасын өзү тартып жүрөт. СССР маалында артисттер айылдарга барып иштечү, азырчы? Мурда мамлекет саясатын театр аркылуу дагы жүргүзгөн. Театр менен балдарды дагы тарбияласа болот. Маданияттын баасын билген адам гана театрга, киного барат. Ал үчүн театрдын кереметин көрсөтсө гана эл келет.

Кубанычбек:

Министрдин келбей койгону — элдин суроолоруна жооп бербейм деген түшүнүк. Канчалаган депутаттар, министрлер келип, эл менен жолугуп, суроолорго жооп берип жатат. Биздин өкмөт ушундай коркок кишилер менен иштесе өнүкпөйбүз. Ден соолугуна байланыштуу келбей калса дагы иштеген адамдары келип жооп бериши керек эле. Кол чогултуп бул министрди жок кылуу зарыл. Маданият тармагындагы көйгөйлөрдү айтсам, айылдарда клуб, балдардын талантын жаш кезинен өнүктүргөн система жок болууда. Спектаклдер коюлса эл сүймөк. Маданиятты айылдардан баштоо зарыл.

Алмаз:

Министрдин келбегени анын коркоктугу окшойт. Жамангулов жоопкерчиликтен качты. Опера-балет театрында тамак ичүү боюнча чыр болгон. Азамат Жамангулов ушундай туура эмес иш кылгандарды токтотсо экен.

Жылдызбек:

— Жаш министрдин кандай иштерди аткарып жатканын билгибиз келет. Циркке дагы чарбачыл адамды алып барып койсо болмок. Айылдагы клубдар иштебейт. Мурдагыдай адабий кечелерди, мектептердин арасында чоң конкурстарды өткөрүү зарыл. Жер-жерлерде чоңдорго гана көңүл буруп жатабыз. Маданият шаарда гана эмес, айылда дагы болушу керек.

Whatsapp:

— Маданият тармагына каржы жетишпейт.

— Министрлик качан оңолот? Жаңы долбоорлоду ишке ашырып, эл аралык уюмдар менен иштегенде болмок.

— Цирктин тегерегиндеги көйгөйдү тезирээк чечпесе, чыр уланып кетпес бекен…

Угармандардын мындай билдирүүлөрүнөн улам Азамат Жаманкулов программанын ортосунда «Маралдын» түз эфирине байланышка чыгып, угармандардын жана редакциянын суроолоруна жооп берди. Министр үй-бүлөлүк себептерден улам эфирге келе албай калганын билдирди.

1 пикир

1 пикир

  1. Каныбек ыссык-колдон

    22.01.2019 19:56

    Кыргыстанга мындай министердин кереги жок кара пайым калктын арасынан тандап койуш керек ал элдин когойун тушунот

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM