Биз менен байланышыңыз

Ошто шаар ичине май куюучу бекеттерди курбоо боюнча буйрук чыгат

Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 654 | 0

Ош шаарында талаптарга жооп бербеген май коюучу жайлар жабылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов май коюучу жайларды текшерүү учурунда билдирди.

Таалайбек Сарыбашов шаар ичине май куюучу бекеттерди курууга уруксат бербөө боюнча да буйрук чыгарыла турганын билдирди.

Эң биринчи кезекте элдин коопсуздугун ойлошубуз керек. Ар бир май куюучу жайлардын мыйзамдуулугун текшергиле. Май куюучу бекеттер шаардын сыртында деле жетиштүү. Талаптарга жооп бербеген, мыйзамсыз, кооптуу АЗСтердин иши токтотулат. Мындан кийин шаар ичине май куюучу жайларды курууга уруксат бербөө боюнча буйрук чыгарылат”,-деди Ош шаарынын мэри Сарыбашов.

Учурда Ош шаарында жалпы 44 май куюучу жай бар. Анын алтоосу иштебей турат.

Эске салсак, 20-мартта Ош шаарынын Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдан өрт чыгып, 2 адам жабыркаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM