Биз менен байланышыңыз

Жаналиев: Быйыл Бишкекте 11 сквер курулат

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Мар 2019 | 822 | 0

Быйыл Бишкек шаарында 11 сквер курулат. Бул тууралуу «Жашылчарба» муниципалдык ишканасынынын директорунун орун басары Ырысалы Жаналиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Октябрь району, Туңгуч, Кара-Жыгач тарапка курулчу скверлер июнь айынын башынан тарта колдонууга берилет. Cквер болчу жерлерге бак, гүл тигилет. Эс алууга ыңгайлуу отургучтар коюлат.

Мындан сырткары, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы эс алуу жайы курулат. Каражат бекитилсе иштер башталат.

 «Түштүк магистраль тарапка дагы эки ири бакча салынат. Бак тигүүдөн мурда сугаруу иштерине көңүл буруп жатабыз. Жаңы тигилген бактарды кароо жоопкерчилигин биз алабыз», — дейт Жаналиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM