Биз менен байланышыңыз

Наватова: Бишкекте быйыл 3 сквер оңдолот

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Фев 2021 | 643 | 0

Быйыл Бишкекте 3 сквер оңдолот. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Айгүл Наватова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, оңдоло турган скверлердин саны көп.

«Бишкек жашыл чарба» 15 скверди оңдоого ниеттенген, бирок каражаттын тартыштыгынан улам үчөө гана оңдоло турган болуп калды.

«Тунгуч кичи районундагы Анкара көчөсүндө, Жумушчулар шаарчасындагы Алтымышев көчөсүндө жана Биринчи май районунда жайгашкан скверлер оңдолот», — дейт Наватова.

Ал белгилегендей, калаанын ирригация маселеси чечилсе, шаарды жашылдандыруу бир топ оңолмок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM