Биз менен байланышыңыз

Эмомали Рахмон кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 521 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Эмомали Рахмон Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук, бакыт жана Кыргызстандын социалдык бакубаттуулугун жана мындан ары гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылуу ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бир тууган элине – тынчтык, бейпилдик жана бакубатчылык каалады.

Сизди жана Сиздин өлкөңүздүн дос элин эң сонун Нооруз майрамы – жазгы күн менен түндүн теңелишинин жана Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жыл майрамы менен куттуктайм. Нооруздун бийик руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын – достукту, өз ара урматтоого жана ишенимге, толеранттуулукка, ак ниеттүүлүккө жана өз ара түшүнүшүүгө таянып, биздин өлкөлөрүбүз мындан ары карай да ортодогу достук байланыштарды жана өз ара пайдалуу көп пландуу кызматташтыкты бекемдеп жана өнүктүрө берет деп ишенем”, -деп куттуктаган Эмомали Рахмон.

 

Copyright © 2017 Maral FM