Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын өткөрүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 723 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялоо максатында Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын жалпы элдик майрам катары белгилөө жөнүндө токтом кылынат.

Өкмөткө бир айлык мөөнөттө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин социалдык абалын жакшыртууга чараларды көрүү, үч айлык мөөнөттө республикалык жана жергиликтүү деңгээлде негизги майрамдык иш чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган мемориалдык комплекстерди, эстеликтерди жаңылоо боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Аталган Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жарлыкка ылайык, 2020-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет.

Copyright © 2017 Maral FM