Биз менен байланышыңыз

Ошто күрүчтү мыйзамсыз ташыган факт катталды

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 597 | 0

Ошто көп өлчөмдөгү күрүчтү мыйзамсыз ташыган факт катталды. Бул тууралуу Мамлкеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мерседес-Бенц 1223 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотуп, текшерүү учурунда 7,5 тонна узун ак күрүчтүн мыйзамсыз ташылгандыгы аныкталган.

Күрүчтүн жалпы баасы 637,5 миң сомго бааланып жатат.

Аталган кымыш ишине байланыштуу топтогон материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM