Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: «Бирдиктүү терезе» коррупцияны азайтат

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 491 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын базасындагы «Бирдиктүү терезенин» иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк аппаратын маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы Бекжан Курманалиевдин айтымында, «Бирдиктүү терезеде» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо арыз менен кайрылууда убакытты үнөмдөөгө, маалыматтарды киргизүү жана эмгек акы төлөө механизмин жөнөкөйлөтөт. Ошондой эле бул жерде соттолгондугу тууралуу маалым кат, кооптуу жүктөрдү унаа каражаттары менен ташууга уруксат берилет, жарандык жана кызматтык куралдарды, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык заттарды жүгүртүүгө лицензия жана уруксат алуу үчүн документтерди кабыл алуу жана берүү ишке ашырылат.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, мындай борборлордун иши коррупцияны азайтып жана калктын аткаминерлер менен түз байланыштарын жоюуга шарт түзөт, бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууну өбөлгөлөйт.

Copyright © 2017 Maral FM