Биз менен байланышыңыз

Астана шаарын Нурсултан деп атоо сунушталып жатат

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 619 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарын Нурсултан Назарбаевдин атына атоону сунуштаганын Tengrinews.kz сайты жарыялады.

Биздин биринчи президентибиз Нурсултан Назарбаедин ысымын өчүрбөй биздин борбор шаарыбыз Нурсултан ысмын ташышы керек. Мындай сунуш Казакстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына карата 2016-жылдын 23-ноябрында парламент аркылуу билдирилгенин кошумчалап кетким келет”, — деди Касым-Жомарт Токаев.

Мындан тышкары, бардык шаарлардын борбордук көчөлөрүнө Биринчи президент Нурсултан Назарбаедин ысымын берүүнү сунуштады.

Эске салсак,кечээ 19-мартта Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенин жарыялап, калкка кайрылуу жасады.

Copyright © 2017 Maral FM