Биз менен байланышыңыз

Баткенде чек арадагы мектептерде окуу жандандырылды

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 521 | 0

Баткен районунун кыргыз-тажик элдеринин ортосунда чатак чыккан Ак-Сай, Ак-Татыр аймактардагы мектептеринде окуу процесси жандандырылды. Бул тууралуу Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз Зайитов бүгүн “Маралга” билдирди.
Учурда кырдаал курчуп кеткенде кооптуу аймактардан коопсуз жайларга чыгарылып кеткен аялдар жана жаш балдар үйлөрүнө барган.

“Райондун борбору Баткен шаарына эвакуация болгон бардык элдер, жаш балдар үйлөрүнө жеткирилген. Жаңжал чыккан аймактардагы мектептерге жайгаштырылган милиция, чек ара кызматынын аскерлери кечээ чыгарылды. 15-мартта сабактар токтотулган мектептерде бүгүндөн тарта окуу жандандырылды”,- дейт Абдулазиз Зайитов.

Эске сала кетсек, буга чейин чек ара чырына байланыштуу Ак-Сайдагы “Бусурман Ходжаев”, Үч-Дөбө айылындагы мектеп, Көк-Таштагы “Шайдылла Ганы” жана ушул эле айылдагы башталгыч мектептеринде окуу токтотулган.

Тажик-кыргыз элдеринин ортосунда ок атышууга байланыштуу райондук билим берүү бөлүмү билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептердеги окууну убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган болчу.

Сабактар калтырылган күндөр жакында боло турган жазгы каникулдагы күндөр менен толукталат, деп кошумчалайт А.Зайитов.

Copyright © 2017 Maral FM