Биз менен байланышыңыз

Баткенде атышуу болгон аймактардагы мектептерде окуу токтотулду

Кыска кабар | 16 Мар 2019 | 771 | 0

Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр аймактардагы мектептерде окуу токтотулган. Мындай чечим тажик-кыргыз элдеринин ортосунда ок атышууга байланыштуу кабыл алынган. Бул тууралуу Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз Зайитов “Маралга” билдирди.
Анын айтымында, чатак ок атышууга чейин жетип, кырдаал курчуп кеткенде ушундай чечим кабыл алынган.
“”Кырдаал курчуп кеткенде кооптуу аймактардан аялдар жана жаш балдар коопсуз жайларга чыгарылып кетти. Мындан улам райондук билим берүү бөлүмү Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептердеги окууну убактылуу токтотуу чечимин кабыл алдык. Ак-Сайдагы Б.Ходжаев, Үч-Дөбө айылындагы мектеп, Көк-таштагы Шайдылла Ганы жана ушул эле айылдагы башталгыч мектептеринде окуу токтотулган. Азырынча мектептерде сабактар качан жанданаары белгисиз. Кырдаалдын турукталышына жараша болот”, — деди Абдулазиз Зайитов.

Сабактар калтырылган күндөр жакында боло турган жазгы каникулдагы күндөр менен толукталат, деп кошумчалайт ал.

Copyright © 2017 Maral FM