Биз менен байланышыңыз

Вице-премьер-министрлер чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги кырдаал менен таанышты

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 833 | 0

Вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаков жана Замирбек Аскаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги кырдаал менен таанышып, жүк ташуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу Өкөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Казак тараптын кошумча текшерүү боюнча бир тараптуу кабыл алган чараларынын жыйынтыгында «Ак-Тилек автожол» өткөрүү жайынын жанында оор жүк ташуучу унаалар топтолуп калууда.

Буга чейин белгиленгендей, тармактык мамлекеттик органдар чек аранын кыргыз-казак тилкесинде түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Ушул жылдын башында «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү кырдаал татаалдашты. Биз кырдаалды өзгөчө көзөмөлдөп жатабыз. Жылдын суук мезгилинде чек арада убактылуу чектөө абалы түзүлгөнүнө байланыштуу жүк ташуучуларга шарт түзүү үчүн чатырлар тигилип, акысыз ысык чай берилүүдө. Мамлекеттик органдардын Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүү процесси уланууда, — деди Разаков.

Жүк ташуучулар жолугушуу учурунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкеси аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү тоскоолдуктар жана чектөөлөр тууралуу айтып беришти.

Жүк ташуучулар менен жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө туш болгон кыйынчылыктардын кесепеттерин азайтуу, жаралган маселелерди чечүү жана көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өтүүдөгү бардык шарттарды түзүү тапшырмасы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM