Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Өкмөт ишкерлердин насыяларын төлөөгө каникул берcин

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 720 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов өлкөдө кредит алган жарандардын насыяларын төлөөгө каникул берүүнү сунуштады. Учурда өлкөдө насыя алган 800 миң жаран бар. Алардын төлөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн төлөө мөөнөтүн узартышы керектигин депутат айтты. Бул тууралуу Сулайманов коронавирустун абалы боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда айтты. Ал ошондой эле мөөнөтүн Өкмөт аныкташы керектигин кошумчалады.

— 800 миң адамдын насыясы бар. Аны төлөөгө мүмкүнчүлүк берүү максатында аларга каникул бериш керек. Быйыл мамлекеттин 28 млрд сом тышкы карыз төлөө милдети турат. Муну Кытай же башка мамлекеттерден сураныш керек. Эгерде биз ички насыяларды төлөөгө каникул берсек, мамлекеттин карызын төлөөгө каникул суроо үчүн моралдык укугубуз болот, — деди Сулайманов.

Copyright © 2017 Maral FM