Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Баткенде абал туруктуу

Кыска кабар | 16 Мар 2019 | 542 | 0

Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 16-мартта эртең мененки саат 08.00гө карата маалымат таратып, кыргыз-тажик чек арасында жагдай туруктуу экенин кабарлады.

15-марттан 16-марттын таңына карата чек ара тилкелерде элдин топтолуусу катталган эмес.

Кыргызстан менен Тажикстандын делегациялары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантууда. Вице-премьер министр Жеңиш Разаков Чек ара кызматынын башчысы, Ички иштер минитсрлиги, аймактык башкармалыктар, жергиликтүү бийлик Баткен облусунда жүрүшөт.

Бүгүн да эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM