Биз менен байланышыңыз

Баткендеги чек ара чатагы боюнча делегациялардын сүйлөшүүсү уланууда

Кыска кабар | 16 Мар 2019 | 543 | 0

Бүгүн чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча кыргыз-тажик делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы башталды. Бул тууралуу Чек ара Кызматынын коомчулук жана маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмүнөн кабарлады.

Бүгүн 16-мартта саат 10:15те Кыргызстандын Дача айылында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Чек ара Кызматынын башчысы, ички иштер, транспорт жана жолдор министринин орун басарлары, баш прокурордун орун басары-аскер прокурору жана Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон топ сүйлөшүүгө келди. Ал эми Тажикстан тараптан премьер-министрдин орун басары Иброхим Азим, УКМКнын Чек ара аскерлеринин башкы командачысы, баш прокурордун орун басары-аскер прокурору, Согди облусунун төрагасы, ички иштер министри, Согди облусунун прокурору, аскер прокурору, Республикалык жана облустук мамлекеттик каттоо кызматтарынын башчылары бар.

Жалпысынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу, элдин чогулганы байкалган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM