Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Кыргыз-тажик делегаттары 14-январда жолугат

Кыска кабар | 12 Янв 2020 | 777 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган кыргыз делегациясы чек арадагы кырдаал боюнча тажик тарап менен 14-январда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын делегациясынын курамында Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланат.

Жолугушуу эки мамлекеттин башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык өтөт.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик чек арасында 11-январга караган түнү да тажик тараптан ок атылганын жергиликтүү тургундар билдиришкен. Чек арадагы айылда тажик-кыргыз элинин ортосунда тирешүү болуп, тажик тургундары ок атуучу куралдан ок чыгарышкан. Окуя 10-январга караган түнү башталып, таң атканга чейин уланган.

Copyright © 2017 Maral FM