Биз менен байланышыңыз

Чек арада кыргыз-тажик эки жаат болуп, бири-бирине таш ыргытышууда

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 995 | 0

Баткендин Көк-Таш айылында чыккан чырды эки тараптын күч органдары көзөмөлгө алды.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Бүгүн эртең мененки саат тогуздарда кыргыз тараптан 80дей, тажиктерден 100дөй адам бири-бирине таш ыргытышкан.

Окуя кечээ кыргызстандык жарандын сабалганынан улам келип чыккан.

Кечээ, 17-декабрда Көк-Таш айылынын Дахма участкасында чек арага жакын жерде бир топ тажик жарандары бир кыргызстандыкты сабап кетишкен. Ал катуу жаракат алып, ооруканага түшкөн.

Эки тараптын жергиликтүү бийлиги, күч органдары учурда окуя болгон жерде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM