Биз менен байланышыңыз

Парламент Атамбаевдин айткандарына жооп берди

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 521 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттин дарегине айткан сындарына жооп берди. Анда ал Атамбаевдин доорунда ири коррупциялык иштер болгонун, анын арты менен анын ондогон жан-жөкөрлөрүнүн байыганын эске салды.

-Ошондой эле бийликти узурпация кылуу аракети болгону кызматтан кеткениңизден кийин билинип отурат. Кыргыз элин карызга батырган парламент эмес. Чет элден келген гранттарды, кредиттерди өөнө жеген парламент эмес. Бийликти ашыкча пайдаланып, өзүнүн оппоненттерине ар түрдүу кылмыш ишин токуп, куугунтуктаган парламент эмес.

Жумабеков өз кайрылуусунда Атамбаевдин доорунда жакшы иштер жасалганын да айтты. Экс-президенттин айткан сөздөрүн депутаттар коррупцияга шектелип, айып тагылган жакындарын актоого болгон аракет деп бааларын жар салды.

Copyright © 2017 Maral FM