Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кызматташууда инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 559 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-мартта, өлкөнүн Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовду, АКШдагы элчиси Болот Отунбаевди, Германиядагы элчиси Эринес Оторбаевди, Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Чынгыз Эшимбековду жана Казакстандын Алматы шаарындагы Башкы консулу Алиясбек Алымкуловду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдирди.

Ибрагим Жунусов менен апрелде Ташкентте өтө турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Президенттеринин Консультативдик жолугушуусуна даярдык, мамлекеттик чек араны делимитациялоону аягына чыгаруу жана маданий-гуманитардык кызматташууну активдештирүү маселелери талкууланды.

Эринес Оторбаев жана Чынгыз Эшимбеков менен саясий, инвестициялык, соода-экономикалык, энергетикалык, айыл чарба, туризм тармактарындагы өз ара аракеттешүүгө тийиштүү негизги багыттар белгиленип, Президенттин бул өлкөлөргө алдыда боло турган визиттерине даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Болот Отунбаев менен маектешүүдө Мамлекет башчысы эки тараптуу саясий кызматташтыкты активдештирүү, чет өлкөлөрдө кыргызстандыктардын укуктарын активдүү коргоп, аларга конкреттүү жардам берүү милдетин койду.

Алматыдагы Башкы консул Алиясбек Алымкулов менен кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери жана ошондой эле Кыргызстандан айыл чарба азык-түлүктөрүн Казакстанга экспорттоо боюнча мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан сырткары араб өлкөлөрү менен кызматташууда болгон экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулбай жатканын айтып, аймактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго каражаттарды тартуу зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM