Биз менен байланышыңыз

Министр Ош шаарында милиция бөлүмүн ачты

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 609 | 0

Бүгүн, 19-мартта Ош шаарында №4 шаардык милиция бөлүмүнүн жаңы имараты расмий ачылып, ишке киришти. Салтанатка түштүк аймактарда сапарда жүргөн министр Кашкар Жунушалиев катышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы бөлүм шаардын Курманжан датка кичирайонун, студенттик шаарчанын,  Өзгур айылынын, “Таатан” соода түйүнүнүн аймагын тейлеп, андан сырткары жай мезгилинде Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алгандардын коомдук тартибин көзөмөлдөшмөкчү.

№4 Шаардык милиция бөлүмүнүн карамагында Ош шаарынын 35 миң жашоочусу, андан сырткары студенттик шаарчада жогорку окуу жайлардын, орто-техникалык колледждин студенттери жана төрт орто мектептин 30 миңден ашык окучуулары бар.

Министр Кашкар Жунушалиев бөлүмдүн кызматкерлерин өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, коомдук тартипти сактоого, укукка каршы иш-аракеттерден калкты коргоого чакырды.

“Кадрларга, материалдык-техникалык камсыздоолорго байланышкан бардык маанилүү маселелер чечилет. Биз калктын урмат-сыйына жана ишенимине ээ болуп, ички иштер органдарынын беделин көтөрүүбүз керек”,-деп Кашкар Джунушалиев билдирип кетти.

Түштүк аймакка болгон иш-сапарында министр Ош ШИИБдин бөлүмдөрүн жеке өзү текшерди. Анда соттук-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаңы мыйзамдар менен кодекстердин талаптарын аткаруу боюнча негизги маселелер каралды. Ошондой эле, ИИМдин башчысы  кызматтык милдеттерин кынтыксын аткаруу, өздөрүнүн аймактарындагы тапшырмаларга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу тапшырмасын койду. Өзгөчө кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоого көңүл бурду.

Бүгүн, милиция кызматкерлери жана ардагерлер бөлүмдөрдүн ишине жигердүү катышышып, кылмыштарды алдын алуу жана ага бөгөт коюуга, милициянын өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгын колдоодо зор салымдарын кошушууда”,- деп Кашкар Джунушалиев баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM