Биз менен байланышыңыз

Америка менен Ирандын ортосунда тиреш күч алды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2019 | 790 | 0

Америка менен Ирандын ортосундагы тымызын күрөш ачык мүнөзгө өттү. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышууда.

Америка Иранды уран жана өзөктүк курал өндүрүүгө күнөөлөсө, Иран АКШнын Жакынкы Чыгышты колго алуу үчүн Иранды чагымга түртүп жатканын, бул аракеттерин токтотпосо, «Чоң шайтан бирди көрөрүн» эскертти.

Ал эми АКШ президенти  Дональд Трамп 20-май күнү Твиттерге жарыялаган билдирүүсүндө: «Иран согушууну кааласа, бул анын расмий түрдө жок болууга кол койгону болуп саналат. Биз ар дайым жеңип келгенбиз, жеңебиз. Экинчи опузалабай жүр!», — деди.

Серепчилердин айрымдары бул кайым айтышууну Ирандын ажыдаардын куйругун басып алуусу катары бааласа, айрымдары Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча жаңы планын ишке ашыруу аракети катары баалашууда. Бирок, буга чейинки Кытай, Орусия, Европа, Венесуэла жана Мексика менен болгон пландарындай эле, бул жолку кадамы да ийгиликсиз болорун кулак кагыш кылышууда. Анткени, Трамптын аталган аймак боюнча геосаясий билими дээрлик жок.

Эске салсак, Америка Иран менен болгон тынчтык келишимди 2017-жылы бузуп, ага бир катар экономикалык жана саясий санкцияларды киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM