Биз менен байланышыңыз

Баткендеги кыргыз-тажик чатагы боюнча алты кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 749 | 0

Баткендин кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги жаңжалга байланыштуу алты кылмыш иши козголду. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.

Козголгон бардык кылмыш иштерин кыргыз-тажик мамлекеттер аралык биргелешкен топ иликтейт.

“Козголгон кылмыш ишинин үчөө жарандардын жаракат алганынан улам адам өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча козголгону маалым. Кыргызстандын аскер прокуратурасы тарабынан мамлекеттер аралык биргелешкен тергөө тобу түзүлгөн. Ага Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлигинин, улуттук коопсуздук комитетинин жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү киргизилген. Учурда сотко чейинки иштер башталган”, — деп билдиришти укук коргоо органдары.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыгып, бир нече адам жабыр тарткан.

Чатакта Кыргызстандын үч жаранына ок тийген. Ал эми Тажикстандын эки тажик жараны өлгөнү, бир нече адам жабыр тартканын кабарланат.

Жаңжалда кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду, ал эми тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун жаап коюшкан.

Чырдын чыгышына Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш себеп болгон. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү 14-марттан бери Ак-Сай айылынын Дача участкасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 18-мартта дээрлик 5 күн бою жабык турган бардык жолдорду ачуу жана Ак-Сай-Тамдык жолун куруу чечими кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM