Биз менен байланышыңыз

196 миң салык төлөөчү салык декларациясын тапшырды

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 464 | 0

Ушул жылдын 18-мартына карата 196 миңден ашык салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекекттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык 196 миң 946 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Анын ичинен 43 миң 86 юридикалык жак, 88 миң 743 жеке ишкер, 27 миң 382 жеке жак, 7 миң 441 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 30 миң 294 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM