Биз менен байланышыңыз

Өзбек жаранынан пара алып жаткан прокурор кармалды

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 669 | 0

Баткен районунун прокурорунун орун басары пара менен кармалды. Прокурор кошуна мамлекеттин жаранынын коркутуп, андан 30 миң сом пара алмакчы болгон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын 13-январында Өзбекстандын жарандары ижарага алган турак-жайдан өрт чыккан. Бул боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыгарылырып, өрт электр зымдарынан келип чыкканы аныкталганы айтылган. Ал сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Февралдын башында Баткен шаардык ички иштер башкармалыгы «кылмыштын белгилери жок» деп ишти токтотуп, анын мыйзамдуулугун текшериш үчүн Баткен райондук прокуратурасына жөнөткөн.

Ишти караган райондук прокурордун орун басары Өзбекстандын жарандарынын бирин «иштөөгө тиешелүү документтери жок» экенин жана аны депортация кыларын айтып коркутуп, 30 миң сом талап кылган.

«2019-жылдын 16-мартында УКМК менен Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык иликтөө бөлүмүнүн биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш чарасынын жыйынтыгында кызматтык бөлмөсүндө 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Баткен районунун прокурорунун орун басары Т.Т. кармалды», — деди Сулайманов.

Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM