Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Айыл чарба министрлигин жоюу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Мар 2019 | 1065 | 0

Кыргызстанда бири-бирин кайталаган кызматтар көп. Аларды жоюу зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Эл өкүлү мамлекеттик кызматкерлердин саны көп экенин айтып, мындан улам бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюу зарылчылыгына токтолду.

«Алсак, Айыл чарба министрлигин жоюп салуу зарыл. Ал жерде иштегендер же жарыган айлык албайт, же маселе чечишпейт. Айыл чарба министри эч нерсе чечпейт, бюджентин коргой албайт. Өкмөт алмашып, жаңысы келсе да абалы ушул бойдон эле калат. Баарын бүт түп-тамырынан өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок өкмөт алдыга жалдырууга кадам жасап, комфорттук зонадан чыгууну каалабайт жатат. Жоопкерчилик алгысы келбейт», — дейт Сулайманов.

Ал буга кошумча, сот реформасын ишке ашырууга премьер-министр да жооптуу экенин белгиледи. Өкмөт бул боюнча эч кандай кадамдарды жасай албай жатканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM