Биз менен байланышыңыз

Өмүралиев: Кыргызстан 3 жылда балтика өлкөлөрү менен мамилесин жакшыртты

Кыска кабар | 16 Мар 2019 | 502 | 0

Кыргызстан акыркы 3 жылда балтика өлкөлөрү менен алакасын жакшыртты. Мындай маалыматты Түркияга жаңы дайындалган Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Литва менен соода алака жылына  64 миллион долларга жетет. Акыркы учурда парламенттер жана эки тараптын бийлигинин ортосундагы мамиле жакшырды.

-3 өлкө тең Евросоюзга кирген. Ал үчөөсүнүн калкынын саны биздикине араң жетет. Баары биригип 5,9 миллионду түзөт. Бирок бирөөсүнүн эле ички дүң өндүрүшү Кыргызстандыкынан 5 эсе көп.

Элчи аларда да миграция маселеси, эне тилин сактоо, билим берүү жана калктын турмушун жакшыртуу маселеси бар экенин, аны жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM