Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы жаңы элчи Эрдоганга Ишеним грамотасын тапшырды

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 830 | 0

25-апрелде Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаменти кабарлады.

Аталган жолугушууда Кубанычбек Өмүралиев президент Сооронбай Жээнбековдун саламын айтып, боордош элдин эки тараптуу кызматташуусунун бардык тармактарына чоң маани берерин белгиледи. Ошону менен катар экономика, саясат, туризм, илим-билим жана башка тармактардагы кызматташтыкты баса белгилеп кетти.

Өз кезегинде Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан менен Түркиянын боордош жана дос өлкөлөр экенин белгилеп, Кыргызстандын элчисинин дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Түркиянын президенти Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук мамилелердин мындан ары да бекемделишине жана кеңейүүсүнө ишенерин билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM