Биз менен байланышыңыз

Жаңы Зеландияда мечиттеги террордук актыга шектүүнүн үстүнөн сот башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2019 | 908 | 0

Сот отуруму бир мүнөткө созулду. Адам өлтүрүүгө шектелген австралиялык Брентон Таррантка тагылган айыпты угузууга болгону бир мүнөттөй убакыт талап кылынган. Бул тууралуу Deutsche Welle маалымат булагы жазды.

Жаңы Зеландиянын Крайстчёрч шаарынын мечитиндеги 49 адам курман болгон террордук актка негизги айыптуу болуп 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант саналууда.

Бүгүн 16-мартта Крайстчёрч шаарында  иш боюнча алгачкы сот отуруму болду. Судья Пол Келлар шектүү Таррантка айыбын угузары менен аны сот залынан алып чыгып кеткен. Айыпталуучунун жактоочусуна да сөз берилген эмес.

Кийинки соттук отурум 5-апрелге белгиленген.

Аталган кылмыш ишин тергөөгө алган полиция комиссары Майк Буш жаңы террордук коркунуч жоктугун, деген элди сак болууга чакырат.

Полиция ошондой эле мечиттеги айыпсыз эле адамдарды аткылоодон кийин кармалган дагы эки шектүү да террордук актка тиешеси бар же жок экенин териштирип жатканын билдирет.

Жаңы Зеландияда эки мечитке коюлган чабуулда кеминде 49 киши өлүп, 20 киши жарадар болгон. Кечээ жума намаз учурундагы кыргын Крайстчерч шаарынын борборундагы Аль-Нур жана шаардын четиндеги Линвуд мечитинде болгон. Анда жалпы 48 адам мерт кеткен.

 

Copyright © 2017 Maral FM