Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстандын Ташкент шаарында (БАЭФ) пленардык жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Жыйынга сөз сүйлөгөн Кубатбек Боронов алдыда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарын жаңы деңгээлге чыгаруу милдети турганын белгилеген.
Кыргыз тарап ички аймактык сооданы бекемдөө жана товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн агымына тоскоолдуктарды кыскартуу маселелерине басым жасоого чакырат. Борбор Азияда өндүрүлгөн товарлар алыскы чет өлкөлөрдөн ташылган импорттук продукцияларга салыштырмалуу Кыргызстандын жана Өзбекстандын базарларында артыкчылыкка ээ болууга тийиш экени Бороновдун докладында айтылат.
«Биз эки республиканын артыкчылыктарын пайдаланып биргелешкен ишканаларды түзүүнү, транспорттук коридорлорду, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды кеңейтүү маселелерин иштеп чыгууну, ошондой эле үзгүлтүксүз эл аралык транзиттик ташууларды камсыздоо үчүн биздин өлкөлөрдүн чек арасындагы инфраструктураны модернизациялоону сунуштайбыз. ыргызстан ЕБ алкагында Жалпы жеңилдиктер тутумунун (ВСП+) макамына ээ, бул бизге Кыргызстанда биргелешип өндүрүлгөн продукцияны Европа өлкөлөрүнө бажы алымдарсыз, ошондой эле кыйла жөнөкөйлөштүрүлгөн процедуралар боюнча экспорттоо мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары биздин республиканын эркин экономикалык аймактары Борбор Азия өлкөлөрүнүн бизнес түзүмдөрү менен кызматташууга даяр», — деп билдирди Кубатбек Боронов.
Ал ошондой эле түз инвестицияларды тартуу жаатында Борбор Азиянын потенциалын баса белгиледи. Ал Бостон Консалтинг Групп инвестициялык баяндамасына ылайык, 170 млрд АКШ доллары өлчөмүндө бааланат. Бүгүн Борбор Азия өлкөлөрү – бул мүмкүнчүлүктөрү көп аймак.
Кечээ Борбор Азия өлкөлөрү – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министрлеринин орун басарларынын катышуусунда Биринчи Борбор Азия экономикалык форуму өттү. Күн тартибинде инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, аймактык сооданы өбөлгөлөө, туристтик жагымдуулукту арттыруу, транспорттук жана транзиттик потенциалды өстүрүү маселелерин талкуулоо каралды.