Биз менен байланышыңыз

Аскаров элчилерди биргелешкен ишканаларды ачууга чакырды

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 565 | 0

Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Теңир Тоо» Эл аралык кызматташтык форумунун ишине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Форумга Кыргызстандагы дипломатиялык миссиялардын жетекчилери, инвесторлор, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Вице-премьер-министр форумдун катышуучуларына кайрылып, аймактарды өнүктүрүүнүн башаты – дал ушул аймактардын өздөрүнүн демилгелери экендигин белгиледи.

«Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан мындай форумдун уюштурулушу – бул абдан жакшы башталыш жана башка аймактар үчүн үлгү болуп саналат», — деди ал.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө облустун негизги долбоорлоруна токтолду.

«Нарын географиялык жактан ыңгайлуу жайгашкан. Ошондуктан бул жерде ири соода-логистикалык борбор курулууда. Мында Кытай менен экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүгө болот. Ошондой эле эт комбинатын ачуу келечектүү долбоор болуп саналат. Өткөн жылы эле облуста 54 миң тонна экологиялык таза эт өндүрүлгөн. Бизнес үчүн ыңгайлуу дагы бир багыт – бул көмүр брикеттерин өндүрүү. Нарын облусу эң көп көмүр камына ээ. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Нарын облусунда 1,1 млн тоннадан ашуун көмүр казылып алынган», — деп баса белгиледи Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр сөзүнүн соңунда катышып жаткан элчилерге кайрылып, өз ара кызыкчылыктарды жана алардын өлкөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен биргелешкен ишканаларды ачууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM