Биз менен байланышыңыз

Акун: Аксы окуясы Акаевдин бийлигинин «музун» ээритти

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Мар 2019 | 826 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясына байланыштуу Аксыга барып койсо жакшы болмок. Мындай пикирин мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Аксыдагы нааразылык өлкө тарыхындагы улуу окуялардын бири. Андыктан бийлик сабак алып, тиешелүү жыйынтыктарды чыгарышы зарыл.

Аксы окуясы өлкө тарыхында улуу окуялардын бири. Ал болбогондо «Жоогазын» рефолюциясы да, Апрель окуясы да уланмак эмес. Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укуктарынын сакталышы жана демократиянын шарттары азыркы деңгээлге жетпей калмак.

«Кемчиликтер көп. Бирок Аксы окуясы баарын баштап, тунгуч президент Аскар Акаевдин бийлигинин «музун» ээритти. Окуя Акаевдин кызматтан кетишине эң чоң түрткү болду. Аксы окуясынын сабак алышыбыз кажет. Эмне чыр-чакат чыкса бийлик дароо барып, окуянын себептерин аныктап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Анткени түрдүү пикирлер, чагымчыл күчтөр болот», — дейт Акун.

Эске салсак, Аксы окуясы Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылып кеткенине нааразылыктан чыккан окуя катары сыпатталат. 2002-жылы 5-январда ошондогу Жогорку Кеңештин депутаты, президентке импичмент жарыялоо ниетин билдирген Азимбек Бекназаров камакка алынган. Аны бошотуу, жерди кайтарып алуу талаптары коюлган нааразылыктар кан төгүүгө алып келген. 17-мартта куралсыз демонстранттарга тартип коргоо органдары ок чыгарган. Алты киши мерт кетип, кийин аларды колдоп ачкачылыкка чыккан дагы бир жаран көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM