Биз менен байланышыңыз

Элдик курултай президентке баасын күзүндө берет

Саясат | 27 Апр 2019 | 767 | 1

Президент Сооронбай Жээнбековдун ишине коомдук саясий баа күздө өтө турган жалпы элдик курултайда берилет. Бул туурасында 27-апрелде өткөн II элдик курултайда Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, буга чейинки I элдик курултайдагы делегаттардын кабыл алган чечимин аткарууда президенттен башка бийлик бутактарынын бири да жооп берген эмес. Ал эми президент: «Учурда бир гана мекенчил саясий күчтөрдү конструктивдүү оппозиция катары тааныйм», — дегенин Азимбек Бекназаров курултайдын жүрүшүндө айтты.

— Мен ушул убакытка чейин биринчи жолу оппозиция менен кызматташып жаткан президентти көрдүм. Азыркы президент мага ачыгын айтты. «Мен силерди гана оппозиция катары эсептейм. Калган саясий күчтөр силер сыяктуу «Конституциялык реформаны жасайлы, шайлоо системасын өзгөртөлү», — деп элдин кызыкчылыгын айтпайт. Алар: «Ушул кишини түрмөдөн чыгар», «Бул ишимди аткар», — деген гана жеке кызыкчылыктарын айтышат», — деп президент өзү айтты. Ошондуктан, бизди конструктивдүү оппозиция катары эсептей турганын жашырган жок.

Эске салсак, буга чейинки коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн I элдик курултайы 2018-жылдын 24-ноябрында өткөн. Анда катышкан делегаттар конституциялык реформаны өткөрүү, курултайды мыйзамдаштыруу, «Кумтөр» боюнча келишимди денонсациялоо, экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгоо сыяктуу талаптарды коюшкан. Ошондой эле, саясий куугунтук менен соттолгондордун маселесин кайра кароону талап кылышкан. Бирок, айтылган талаптардын бири да аткарылбагандыгын Курултайдын чечимдерин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Бузурманкулов билдирди.

— Бир да чечим аткарылган жок. Мисалы, биз паспортко «улуту» деген графа кайрадан кайтарылсын дегенбиз. Ал боюнча өкмөттөн эч кандай жооп келген жок. Ошол эле Башкы прокуратурага байланышкан чечимдердин бири да каралган жок. Башкы прокурордон саясий куугунтук менен камалгандардын ишин кайра кароону талап кылганбыз, жооп болбоду.

Буга чейин биринчи курултайдын чечимдерин аткаруунун алкагында атайын коомдук комиссия да түзүлгөн. Алар Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда саясий куугунтукка кабылгандардын иши боюнча баа бермек. Анын негизинде эки жолу жыйын өткөн. Үчүнчү жыйынга экс-президент да чакырыларын коомдук комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун билдирди.

— Эки жыйын өттү. Эми үчүнчү жыйында  буга чейин саясий куугунтукка кабылгандардын иши боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевди, Индира Жолдубаеваны чакырабыз. Алардан эмне үчүн мындай кадамдар жасалганын журналисттердин катышуусунда сурайбыз. Албетте, биз чакыруу жиберебиз. Бирок, ал кишинин жообу кандай болот белгисиз. Эгерде келбесе, анда биздеги чогулган документтерди укук коргоо органдарына беребиз.

Курултайда каралган негизги маселелердин дагы бири референдум өткөрүү боюнча кол топтоо болду. Бул туурасында элдик курултай кыймылынын төрагасы Кубанычбек Дүйшеев айтты. Анын айтымында, буга чейин бир дагы бийлик элдин каалоосу менен эсептешкен эмес. «Эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу кандай башкаруу системасы боло тургандыгын эл өзү тандайт»,- дейт Дүйшеев.

— Жалпы коомдун маанайы өзгөрүүнү каалап турат. Ошондуктан, биз азыр элге 3 суроо менен чыкканы жатабыз. Эл кандай башкаруу системасын каалайт? Биринчи суроо: Парламенттик башкаруу керекпи, же президенттик башкаруубу? Экинчи суроо: Партиялык шайлообу, же бир мандаттуу можаритардык, же болбосо аралаш шайлообу? Үчүнчү суроо: Элдик көзөмөл керекпи?

Белгилей кетсек, 27-апрелде II элдик курултайга 19 саясий, коомдук уюмдан делегаттар катышып, жалпысынан 450дөй киши чогулду. Анда учурдагы коомдук саясий кырдаал, уран маселеси да козголду. Жыйындын соңунда резолюция кабыл алынып, күзүндө жалпы курултай өтөрү маалым болду. Буга чейин аткарылбаган чечимдер күзгө чейин дагы аткарылбаса, тиешелүү бийлик өкүлдөрүнүн отставкасын талап кылуу чечими кабыл алынды.

1 пикир

1 пикир

  1. Осмонов Илгиз Сапарбаевич

    04.05.2019 00:34

    Элдик курултайды жамынып алып бийлик менен соодалашкандарга наалат. Курултайды делгигечилери Атамбаевти бийликти узурпация кылды деп куноолошот демек алар Сооронбай Жеенбековду узурпация жолу менен алып келгенин мойнуна алып жатышат бирок эмне учун президентке лигитимсиз олтурасыз деп бир ооз ачышпайт . бул аракеттин баардыгы эптеп 2020 жылдагы шайлоого упай топтош учун кылган аракети деп айтсам жанылышпайм . «Мен Макул Эмесмин» кыймылынын мучосу.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM