Биз менен байланышыңыз

Акыйкаттыкка жол ачкан Аксы окуясы

Коом | 17 Мар 2019 | 1444 | 0

17-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы Боспиек айылында Аксы окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү митингине катышты. Аксыдагы нааразычылыктын 17 жылдыгы Бишкек шаарында да белгиленди. Иш-чарада Аксы жана Апрель окуяларында болгондордун арбагына багышталып Куран окутулду. Борбордук аянтта алардын жаркын элесине арналган эстеликке гүл коюлду. Элге ок атылган кандуу күндү кыргыз коомчулугу бир нече жылдан бери ар өңүттөн карап келет.


Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү митингинде президент Соронбай Жээнбеков ал аймактагы нааразычылык акыйкаттык үчүн күрөштүн башаты болгонун айтты. Мамлекет башчы 17 жыл мурда үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан аксылыктардын жалындуу деми жана бекем эрки элдин жүрөгүнөн орун тапканын билдирди. Анда атылган октор элдин эркин сындыра албагандыгын эске салды.

—  Бийлик адилеттик үчүн чыккан мекендештерибиздин жолун тороп, өз элине ок атты. Алты адамдын кырчындай өмүрү кыйылды. Көптөгөн адамдар жаракат алышты. Узакка созулган саясий ачкачылыктан дагы бир жараныбыз көз жумду. Бирок атылган ок элибиздин эркин сындыра алган жок. Тескерисинче, эркиндик үчүн күрөштү күчөтүп, коомду ойготту, элди чыйралтты. Элдик нааразылыктын накта себептери жаап-жашырылып, жалган маалыматтар таратылса да, чындык элге жетти. 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Аксы окуялары адамдардын аң-сезиминде улуу бурулуш жасап, өлкөдөгү жаңы өзгөрүүлөргө жол ачканын айтып, адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка каршы жалпы элдик күрөштүн башаты болгонун белгиледи. Жээнбеков: “Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм», — деп буларга токтолду.

—  Адам укуктарын коргоого багытталган эң ири элдик акция катары тарыхта калды. Кийинки элдик эки революцияга дем, дух берди. Эркиндикти туу туткан элибиз эч качан авторитардык — үй-бүлөлүк башкарууга жол бербестигин далилдеди. Элдин эркиндиги, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жанын курман кылууга даяр эл экенибиз дүйнөгө маалым болду. 2002-жылдын 17-мартында болгон окуялардын тарыхый мааниси мына ушунда.

Иш-чарага катышкан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун эскерүү кечеси мыкты деңгээлде өткөнүн билдирди. Анын пикиринде, азыркы бийлик Аксы окуясынан чоң сабак алгандыктан нааразычылыкта курман болгондорду эскерүү митингин өткөргөн.

— Президент Аксы окуясынан сабак алгандыктан митинг уюштуруп келип жатат. Болбосо эмнеге келмек эле? Куран окутуп, эл менен жолукту. Спорт комплекстерин куруп, алардын маселесин чечип берип жатат. Сооронбай Жээнбеков мурдагы мамлекет башчысы туура эмес кылган иштеринин баарын кайра оңдоп жатат. Аксы окуясы болбогондо Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугун коргоо, демократия болмок эмес. Акаевдин бийлиги чыңдалып, Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы деген атка конбой калмак. Аксы окуясынын арты менен эки революция болуп, өлкөдө парламенттик форма орноп жатат. Кааласак президентти кууп, кааласак жаңысын алып келип алып жатабыз. Бийлик кандайдыр бир деңгээлде эл менен эсептешип жатат.

Аксы трагедиясы — 2002-жылы Кыргызстандын тарыхындагы саясий нааразычылык менен массалык түрдө бийликтин иш-аракетине каршы болгон элдин өлүмү менен аяктаган. Ошол кездеги президент Аскар Акаев Үзөңгү-Куушту Кытай Эл Республикасына берүүгө макулдугун берген. Мындан улам Жогорку Кеңеште депутат болуп турган Азимбек Бекназаров Аскар Акаевге импичмент жарыялоо ниетин билдирген. Бул окуядан кийин Бекназаровго кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Эл аны бошотуу жана жерди кайтарып алуу талабын коюп, нааразылыктардын соңу кан төгүүгө алып келген.

2002-жылдын 17-марттында тартип коргоо органдары куралсыз демонстранттарга ок аткан. Анын кесепетинен 6 киши мерт кетип, кийин аларды колдоп ачкачылыкка чыккан укук коргоочу Шералы Назаркулов көз жумган.

“Аксы-Апрель акыйкаты” коомдук бирикмесинин төрайымынын орун басары Калыбек Акунов Аксы окуясы юридикалык баасын туура эмес алып калганын айтат.

— Бул дагы болсо бизди кыжаалат кылат. Эл гана тарыхый туура баа берип, курман болгондорду эскерип жүргөнү элдин элегинен өткөн, орчундуу окуя болуп калды. Ошол эле учурда ачкачылык жарыялап каза болгон Шералы Назаркулов акебиздин да эскергендер жок болуп жатат. Мындай окуялар бизди аябай өкүнтөт.

Аксы окуясына бийлик саясий жана юридикалык баа бере алган эмес. Эгер баа бергенде анда бийлик өзүн-өзү таптакыр жок кылмак. Мындай пикирин Аксыдагы нааразычылыкка күбө болгон саясатчы, мамлекеттик ишмер Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, кыргыз эли Аксы окуясы менен 2 революцияда ким экенин бүтүндөй дүйнөгө тааныта алган.

— Сооронбай Жээнбеков баш болгон бүгүнкү бийликке ыраазымын. Себеби иш-чара абдан жакшы уюштурулуптур. Ал эми Аксы окуясына ошол кездеги бийлик саясий жана юридикалык бергидей, бийлик өзүн-өзү көрдөн алып чылага чапмак. Бийлик андай нерседен коркот. Ошол кезде өз элин аткан чыккынчы бийликтен андайды күтпөш керек. Өз элине ок аткандардын ичинде бийликте кыргыз болбой калгандар болгон. Эми калктын арасында нааразычылыктар мындан кийин дагы болушу мүмкүн. Алар кан төгүү менен аяктабашы үчүн бийлик калк менен мунасада болуп, алардын талаптарын аткарышы зарыл. Өз элине ок аткан бийликке наалат айтылып, тарыхта кара так калат. 

Тургуналиев мындан сырткары, учурдагы бийлик Аксы окуясына жетиштүү көңүл буруп жатканын кошумчалады.

Аксы наарачылыгынын негизги уюштуруучуларынын бири Кубаныч Маматкеримовдун айтымында, Аксы трагедиясынын арты менен өлкөдө демократиялык түзүлүштүн өнүгүүгүүсүнө жол ачылып, кыргыздар мүңкүрөп бийликке баш ийбей турган эркин эл экенин далидеген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин окуя боюнча бийлик өкүлдөрүнүн арсындагы негизги күнөөлүүлөр жоопко тартылбай жатканына нааразы.

— Ушул убакытка чейин Аксыдагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн, күч түзүмдөрүнүн катардагы кызматкерлерин гана митинг өткөрүүгө тоскоолдук жараттыңар деп жоопко тартып, бирок кайра артынан актап салышкан. Муну мен жалпы кыргыз элин алдоо деп эсептейм. Себеби өзүнүн кызматтык кызыкчылыгын көздөгөн ошол убакты башкы бийликтин өкүлдөрү ушул күнгө чейин жоопко тартылган жок.

Аксы окуясынын 17-жылдыгынын алкагында Бишкектеги эскерүү кечеси Борбордук аянтында өттү. Ага экс-президент Роза Отунбаева, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрөгасы Дастан Жумабеков, Аксы окуясында жана Апрель революциясында каза болгон жарандардын жакындары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты.

Айта кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Аксы окуяларында курман болгондорду эскерүү митингинде жакында Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка кол коёрун кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM