Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдары менен жолугушту

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 401 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдары менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан маалымдашты.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу багыттары энергетика, транспорт, таза суу менен камсыз кылуу, ирригация, маалыматтык технологиялар, туризм, айыл чарба, продукцияларды экспорттоо экенин эске салып, Ардактуу консулдардын көңүлүн «экономикалык дипломатия» жаатында ишти активдештирүүгө бурду.

«Биз консулдарга алардын аткарып жаткан жумушу үчүн абдан ыраазыбыз. Ардактуу консулдар институту экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда, мигранттарга жардам берүүдө потенциалы чоң. Экономикалык байланыштарды күчөтүү, чет элдик инвестицияларды, компанияларды жана туристтерди тартуу абдан маанилүү», — деп белгиледи мамлекет башчы.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдарынын 5-Кеңешмесинде өлкөнүн Президенти менен жолугушуу биринчи жолу өтүп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы мындай жолугушуулар салтка айланып каларына ишеним билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM