Биз менен байланышыңыз

Эл аралык террордук топко тиешеси бар баткендик жаран кармалды

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 515 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери Сирияга учуп кетүүнү көздөп жаткан жаранды колго түшүрдү. Шектүү 7-мартта өлкө аймагында тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдун кылмыштуу иштерине бөгөт коюу жана табуу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө колго түшкөнүн УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн  билдирди.

Шектүү С.К. Баткен облусунун тургуну экени такталды. Ал КМШ өлкөлөрүнүн биринде эмгектенип жүрүп социалдык тармактар аркылуу эл аралык террористтик уюмдун өкүлдөрүнүн таасирине кабылып, алгачкы жоокердик даярдыктан өткөн. Уюмдун башчыларына ант берип, Сириядагы террористтик түзүлүштөргө кошулуу максатында «жихадга» катышып, андан ары Түркия, Сирияга мыйзамсыз өтүүгө, башка өлкөлөрдүн террористтик уюмдарынын жалданмачы тобунун катарына кошулууну пландаган.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 243- Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү беренси жана 395-беренесиндеги жалдануучулук кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштери тергелүүдө. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM