Биз менен байланышыңыз

Элчилерге тил билүү талабы коюлду

Элчиликтерде тил билген, өз алдынча которо алган кызматкерлер иштөөсү керек. Аларды жумушка алууда талаптар жогору болуусу зарыл. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөдөгү мекемелеридин башчылары менен өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди. Өлкө башчынын пикиринде элчиликте кызмат кылган бухгалтерден баштап, айдоочуларга чейин тил билип, которо алыш керек.

Мен биздин элчиликтерде тил билген, өз алдынча которо алган кызматкерлердин иштөөсүн каалаайт элем. Кызматкерлерди жумушка алууда талаптар жогору болуш керек. Баары, бухгалтерден баштап, айдоочуларга чейин тил билип, которо алыш керек. Жанагы “паращютистер” барбашы керек. Алар дипломат болуусу зарыл. Президент барса, мага которуп бере алышпайт, бул эмне деген элчилик? 

Элчиликте иштеген кызматкерлер Кыргызстандын жүзү болуп эсептелет. Өлкө башчы Белгия жана Түркияга барган сапарларын мисал келтирип, кээ бир элчилердин мамлекеттик тилди билбегендигин сындады. Ал эми эл өкүлү Руслан Казакбаевдин айтымында, мамлекеттик тил көйгөйү бүгүнкү күндө элчиликте гана эмес.

-Кыргыз тилине өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Өкмөттөн баштап Жогорку Кеңеш, Президенттин аппараты, соттор, укук коргоо органдары толугу менен кыргыз тилине өткөрүүбүз кажет. Ал эми Тышкы иштер министирлиги өзүнүн ишин үч тилде жүргүзөт. Кыргыз, орус жана көпчүлүк учурда иш кагаздар англис тилинде жөнөтүлөт. Ошондуктан дипломаттар кыргыз, англис, орус жана иштеп жаткан өлкөнүн тилин билгени туура болот.

Элчи саясий максатта дайындалган болсо, тил билүүсү биринчи кезекте эмес. Бирок элчинин тил билгени анын иш алып баруусун жеңилдетет. Мындай пикирин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Аскар Бешимов билдирди.

-Эгерде саясий элчини дайындоо болсо тил билүүсүнө каралбайт. Ал эми элчи барган малекеттин тилин билсе пайдасы чоң. Себеби жолугушуулар дайма эле формалдуу түрдө өтпөйт. Ошондуктан кабылдамада же жеке жолугушууларда ишеним жогору болуусу үчүн котормочусуз жолугушуу болгондо көп маалымат алуу мүмкүн болот. Андыктан президенттин көтөргөн маселеси туура.

Ал эми дипломат Мамбетжунус Абыловдун пикиринде кайсы өлкөнүн элчиси болбосун биринчи кезекте англис тилин билүүсү зарыл. Себеби англис тили эл аралык тил катары кабыл алынган.

-Барган өлкөнүн тилин билбей барган элчи, ал малекеттин ар кандай саясий, коомдук өзгөрүүлөрүн баамдап биле албай калат. Ошондуктан тил билгени артыкчылык болот. Бирок эл аралык тил катары англис тили кабыл алынган. Бул тилде Кытай, Орусия дегеле колдонбогон малекет жок. Өзүнүн тили чектелген адам дүйнөнүн кайсы бурчу болбосун аглис тилин колдоно алат. Ошондуктан ар бир дипломат англис тилин билүүсү шарт.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн чет өлкөдөгү мекемелеридин башчылары менен жолукту. Жыйынга 27 мамлекеттеги элчи жана ири шаарлардагы башкы консулдар менен бирге 34 дипломатиялык мекеменин башчылары катышты.

Copyright © 2017 Maral FM