Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны өттү

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 465 | 0

Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Султан Аль Мансуринин төрагалыгы алдында Экономикалык кызматташтык боюнча биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Вице-премьер-министр кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргызстандан эт продукцияларынын, бал, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана кийиз буюмдардын экспортун кеңейтүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.

« Эки өлкөнүн жеке чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды жөнгө салуу биз үчүн маанилүү болуп саналат. Кыргыз тарап БАЭ ишкерлерине ири долбоорлорду сунуштоого даяр. Мындан тышкары биз кызматташуунун маанилүү багыты катары транспорт жана жарандык авиацияны эсептейбиз. 2018-жылы БАЭ туристтеринин саны мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик үч эсе өскөн», — деди Жеңиш Разаков.

БАЭ экономика министри Султан Аль Мансуринин айтымында, БАЭ жетекчилиги өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу маанилүү деп эсептейт. Ал өлкөлөрдүн ортосундагы учурдагы соода-экономикалык потенциалды өстүрүүгө даярдык билдирди.

Иш-чаранын соңунда Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйынынын Протоколуна кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM