Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Банктык сырга карабай, УКМК келген каражатын баарын көзөмөлдөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Мар 2019 | 1017 | 0

Укук коргоочу Рита Карасартова “Марал” радиосуна берген маегинде бийлик бөйөкмөт уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү маселесин шайлоонун алдында көтөрөрүн билдирди.

Анын айтымында, бөйөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлдөө боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамдарынан алынган.

«Биз эмне себептен тоталитардык мамлекеттин мыйзамын көчүрүп алышыбыз керек? Бийлик бейөкмөт уюмдарды жөнгө салуусу келсе, АКШнын мыйзамдары да бар, ошону пайдалансын. Орусиянын саясаты «Батышты карабагыла» деп, мокочо кылып көрсөтүп коюуда. Америка сырттан келген акчалардын баарын текшерет. Бизде диний уюмдарга каражат кайдан келип жатканы текшерилбейт. Алсак, «Дело №» гезитин Орусия каржылайт. Басылма улуттар аралык кастыкка доо кетирген материалдарды жазса да эч ким текшербейт. Жарандарыбыз Орусияга барып, бир тобу каза таап келүүдө. Согуш убагында да мындай болгон эмес. Мигранттар англис тилин үйрөнүп алып, АКШга барып иштеп келсе болот», — дейт Карасартова.

Анын пикиринде, бийлик шайлоого чейин бейөкмөт уюмдардын ишмердигин тескеген мыйзам кабыл алып, уюмдардын тизгинин тартууга аракет кылып жатат. Бирок мыйзам кабыл албаса да уюмдарды көзөмөлдөөчү рычагдар жетиштүү.

«Бейөкмөт уюмдар бийликти сындабаса, бизге ыйлап келгендерди ким коргойт? «Менин укугумду сот, милиция тебелеп жатат» деп келишет. Биз ири мамлекеттик унаага тикелей туруп келебиз. Бейөкмөт уюм мамлекеттик деңгээлде иш кылса алкыш алат да, эмнеге мамлекеттин ишин сынга ала алыбайт? Биз Социалдык фондго, Салык кызматына маалымат беребиз. Банктык сырга карабай УКМК келген каражатын баарын көзөмөлдөйт», — дейт укук коргоочу.

Эске салсак, 13-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Орозбек Опумбаев парламент жыйынында бейөкмөт уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөткөн мыйзам кабыл алуу зарыл экенин билдирген. Ал эл аралык уюмдар тарабынан келген каржылоо көзөмөлсүз жүрүп жатканын белгилеп, мындан улам бейөкмөт уюмдардын жоопкерчилигин жогорулатуу керектигин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM