Биз менен байланышыңыз

33 миң сом пара алып жаткан окутуучу кармалды

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 536 | 0

Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринин окутуучусу 33 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Чүй облусунда жашаган айым Бишкектеги университеттердин биринин окутуучусу сессиядагы сынактарды бүтүрүү үчүн пара талап кылганы тууралуу милицияга билдирген.

ИИМнин криминалдык милициясы окутуучуну 33 000 сом акча алып жаткан учурда кармады. Ал студенттен бул каражатты 2014-2019-жылдагы экзамендик окуусун бүтүрүү үчүн талап кылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Маалыматка караганда, 2014-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта ЖОЖдун кызматкери студенттен экзамендик сессияларды тапшыруу үчүн акча каражатын жана контракттык окуунун төлөмдөрүн дагы алып турган. Ушул аралыкта ал жалпы суммасы 230 000 сомду түзгөн акча каражатын алганы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM