Биз менен байланышыңыз

Ошто мал тоютун чыгарган ишкана ачылды

Кыска кабар | 12 Мар 2019 | 703 | 0

Бүгүн, 12-мартта Ош шаарында “Оазис-Агро” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан тоют бүртүкчөлөрүн чыгаруучу ишкананын ачылыш аземи болду.

Ишкана мал жандыктары үчүн күнүнө 30-40 тонна минералдык тоют бүртүкчөлөрүн чыгарат. Керектелүүчү азыктарды жергиликтүү калктан алышып, минерал кошулмаларын Орусия жана Европадан алып келишет.

Ишкана заманбап жабдыктар менен камсыз болуп, 50 адамга жумуш орундары түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM