Биз менен байланышыңыз

«Соттор парламентке маалымат берүүдөн баш тартышууда»

Конституцияда каралган эрежеге ылайык, соттор жыл сайын парламентке келип маалымат берип турат. Бирок алар баш тартып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Соттор эми Конституциялык сотко кайрылып, биз парламенттен отчет бербейбиз деп арыз жазышыптыр. Бирок отчёт менен маалымат экөө эки башка. Биз маалымат сурап жатабыз. Алар маалыматты парламенттин трибунасынан жалпы Кыргызстандык элге берет. Соттор башка маалыматты өз үйүнөн береби же сот залынан береби? Бул чектен чыккандык, өзүм билемдик. Муну президенттин айланасындагы адамдар «эжеке, бул кыялыңыз туура эмес, жалпы бийликке көө жаап жатабыз» деп тыйып коюшу керек эле», — дейт Шыкмаматов.

Эл өкүлү буга кошумча, соттордун үстүнөн эң көп арыз Тартип комиссиянын төрайымы Кымбат Архаровага түшүп жатканын белгиледи. Мындан сырткары, Жогорку сотто дагы чала сабаттар бар экенин билдирди.

Эске салсак, 11-мартта судьялардын XI курултайы өткөн. Анда президент соттор менен жолугушуп, айрым судьялардын чечимдерин сынга алган.

Copyright © 2017 Maral FM