Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБнин келишимдерин кыргыз тилине «Сапат Транслейт» которот

Кыска кабар | 12 Мар 2019 | 549 | 0

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүүчү копаниялар арасында өткөрүлгөн тандоо сынагынан «Сапат Транслейт» Жоопкерчилиги чектелген коому тандалып аныкталды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ведомстволор аралык комиссия тарабынан бир ай бою тийиштүү уюмду тандоо өткөрүлүп, Өкмөтүнүн расмий сайтына билдирүү жарыяланган болчу.

Сынакка катышуу үчүн  7 компаниядан билдирме келип түшкөн. Алар:

— «Кыргыздипсервис»  дипломатиялык сервиси;

— ЖЧК «Сапат Транслейт» ;

— КФ «Кыргыз тилин колдоо фонду»;

— ЖЧК «Lex Express Translation Agency» ;

— ЖЧК«Кыргыз Форум» ;

— ЖЧК «Intermax-Top» ;

—  ЖЧК «Профтранском» .

 

Copyright © 2017 Maral FM