Биз менен байланышыңыз

Сооронкулова: Азыр деле сотторго саясий кийлигишүү бар

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Мар 2019 | 804 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков судьялардын XI курултайында «мен соттук иштерге кийлигишпейм» деп айтса болмок. Демек азыр деле сотторго саясий кийлигишүү бар. Мындай пикирин Конституциялык палатанын муруңку судьясы Клара Сооронкулова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Экс-президент Алмазбек Атамбаев таза сотторду тандадым деп мактанган. Бирок судьялардын XI курултайында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков соттор жоопкерчиликке тартылып жатканын, 82 судьяны өткөрбөй койгонун, соттордун арасында тазалануу жүрүп жатканын айтып, буга чейин сотторду тандоолор туура болбогонун белгиледи. Буга чейин соттордун мүлктүк абалы текшерилип, декларациядан бир гана адам жоопкерчиликке тартылды. Сотторду «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен эле жоопкерчиликке тартып, системаны тазалап коюуга болот», — дейт Сооронкулова.

Анын айтымында, саясий күчтөр сот адилеттүүлүгүнө кийлигишүүдөн баш тартпайт.

Соттордун баары коркок. Алар саясий басымга туруштук бере албай жатышат. Анткени тил албаган судьялар дароо кызматтан алынат. Мындан улам соттор кызматын жоготуп коюудан чочулайт.

Эске салсак, 11-мартта судьялардын XI курултайы өткөн. Анда президент соттор менен жолугушуп, айрым судьялардын чечимдерин сынга алган.

Copyright © 2017 Maral FM