Биз менен байланышыңыз

«Сот реформасы үчүн бийлик бутактарынын баары жооптуу»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Мар 2019 | 567 | 0

Конституциялык палатанын муруңку судьясы Клара Сооронкулова “Марал” радиосуна берген маегинде сот реформасы үчүн бийлик бутактарынын баары жооптуу экенин билдирди.

Анын айтымында, сот рефомасын ишке ашырууну бир гана президентке жүктөп коюу туура эмес. Бул жерде парламент дагы жоопкерчилик алышы керек. Учурда парламент да президенттен көз каранды болуп жатат. Эл өкүлдөрү мындай абалдан чыгышы зарыл.

Сооронкулова сотторду тандоо саясатташып кеткенин белгилейт.

«Анткени бул маселени фракцияларга бөлүп койгон. Тагыраагы, Сотторду тандоо кеңешинин 6 мүчөсү парламенттен шайланып келет. Мындан сырткары, акыркы айда эле пара менен кармалган 2 судья акталып, кайра ордуна барып иштеп жатат. Мындай көрүнүштөр көп. «Карга карганын көзүн чукубайт» дегендей, кылмыш козголгон соттор акталып же иши кыскарып кетет», — дейт Сооронкулова.

Copyright © 2017 Maral FM