Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Соттор да отчёт бере баштаганда реформа болот

Күн чекит | 11 Мар 2019 | 701 | 1

Сот системасы өз алдынча жана көз карандысыз болмоюнча өнүккөн өлкөнү түзүү мүмкүн эместигин президент соттордун XI курултайында белгиледи. Өлкө башчысынын сотторго карата айткан сындары тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Күн чекит» уктуруусунда бир катар суроолорго жооп берди.

-Бекбосун мырза, президент 400гө жакын судья катышкан курултайда жалпысынан жакшы эч нерсе айткан жок. Сындады. Чындыкты билбей туруп же билсе да адилетсиз чечим чыгаргандар дароо тозокко түшөт деп хадисти да эске салды. Айтылган сындардын жүйөлүү экенин коомчулук дагы билет. Эмнеге бул тутумду оң жолго сала албай жатабыз?

-Ооба, президент сот тутумундагы бардык көйгөйлөрдү тизмектеп берди. Аягында абийирге чакырды. Мунун бардыгын колдойм. Бирок мен президенттен күткөнүм башка болчу. Ошол эмне себептен соттордун акыбалы ушул деңгээлге келди?, — деген суроого жооп болгон жок. Себеби бийликтин системасы кандай болсо, соттордун тутуму да ошондой болот. Бүт мамлекеттин укуктук жагы кандай болсо, соттордуку да ошондой болот. Ошондуктан бирге караш керек. Буга ким күнөөлүү? Эгер сот адилеттүүлүгүн орнотуу үчүн биз баш мыйзамдын 94-беренесин өзгөртүү керек. Тактап айтканда, бул беренеде сот ишинде отчёт бергенге болбойт деп жазылып калган. Бул туура эмес, жооп бериши керек. Мына соттук укуктук реформа башталганы менен эл аны жон териси менен сезе элек.

-Президент судьялыкка талапкерлерди дыкат тандап, билим деңгээли төмөндөрдү дайындоо ооздукталышы керектигин белгиледи. Андай соттордун кызматка келтирбөөнүн кандай жолу бар?

-Эми мына карап көрсөк, ата-бабаларыбыз сот тутумуна өтө жогору баалап келишкен. Анын негизги өзөгүн жакшы макал түзгөн. Ал “туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” дешип, сотторду өздөрү шайлашкан. Ошол шайлангандар элдин алдында жооп беришкен. Азыр болсо сот бийлиги мамлекеттик бийликтин куралы болуп калды.  Муну эл билет.

— Сот тутумуна республикалык бюджеттен акча каражатынын бөлүнүшү жылдан жылга көбөйүп жатканын сөз кылышты. Анан дагы соттордун айлык акысын көтөрүү зарыл деген пикирлер да айтылды…

-Эми мен билгенден соттордун айлыгы абдан жакшы. Андан башка да эл бар да. Маянын көбөйтсөк, соттор таза иштемек деген туура эмес. Ошол эле жөлөк пул, бюджеттик системада иштегендердин алган акчасы аз болуп атпайбы. Ага караганда судьялардын материалдык абалы жакшы эле.

-Рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM