Биз менен байланышыңыз

Сырттан келген инвестициялардын көлөмү төмөндөдү

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 643 | 0

Кыргызстанга 2018-жылы келген чет өлкөлүк инвестициялардын саны 7,6 пайызга азайып, 569,8 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык сырттан келген инвестициялардын көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу, соода насыяларынан башка баардык тармакта төмөндөгөн.

Чет өлкөдөн келген  инвестициялардын 88 пайызы өндүрүш, кен казуу, геологиялык чалгындоо, каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу  жана маалымат жана байланыш тармактарына багытталган.

Маалымат жана байланыш тармагында инвестициянын көлөмү 2,5 эсеге өскөн, өндүрүш компанияларында болсо 1,4  пайызга өскөн.

Геологиялык чалгындоо тармагында инвестицинын көлөмү 1,9 эсеге төмөндөгөн. Ошондой эле каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында 1,5 эсеге, тоо-кен ишканаларында 4,9 пайызга инвестицинын көлөмү төмөндөгөнү байкалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM